Кыргызстанга Татарстандын президенти Рустам Минниханов келди

Миннихановдун делегациясын “Манас” эл аралык аэропортунан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Татарстандын президенти Рустам Минниханов 18-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Татарстандын президенти Рустам Минниханов 18-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келди
2 / 2
Аны “Манас” эл аралык аэропортунан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды
Аны “Манас” эл аралык аэропортунан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.
Миннихановдун сапарынын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө.
Мындан тышкары, анын кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.