Казакбаев РФ элчиси Удовиченко менен кызматташуунун келечегин талкуулады

Тараптар кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашкан.
Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту
Мындан сырткары, регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашып, жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды уюштуруу боюнча келерки жылга пландарды сөз кылышты.
"2022-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына чоң маани берип, тараптар тарыхый датага карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын белгилешти", — деп айтылат билдирүүдө.
Алар ошондой эле кыргыз-орус мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк нугунда бекемдөө максатында мындан аркы активдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдиришкен.