Бишкекте жылуулук боюнча суроо жаралса кайда чалса болот? Телефондор

Ордо калааны жылуулук менен "Бишкек жылуулук түйүнү" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканалары камсыз кылат. Экөө бири-биринин ишине жооп бербей турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы жылуулук боюнча суроо жаралса, шаардыктар кайда кайрылса болорун айтып, телефон номерлерин жарыялады.
Мекеме ордо калааны жылуулук менен "Бишкек жылуулук түйүнү" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканалары камсыз кыларын айтып, экөө бири-биринин ишине жооп бербей турганын эскертти.
"Бишкек жылуулук энерго" ишканасы шаардын түндүк-батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн: Жал кичи району, Аскердик шаарча, Газ шаарча, Орто-Сай, Калыс-Ордо конуштары жана Жумушчулар шаарчасынын аймагын карайт. Эгер кайсы мекеме тейлей турганын билбей жатсаңыз, анда квитанциядан карап алсаңыздар болот", — деп айтылат маалыматта.
"Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын номерлери: