Сузакта 82 баш гиссар тукумундагы кой жоголду. Кылмышка шектүүнүн сүрөтү

Эки арыз боюнча жабырлануучулар бир миллион сомдон ашуун зыянга учурашканын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. – Sputnik. Сузакта 82 баш кой уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберүүгө шектелип 44 жаштагы Ш.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга Ж.Ы. аттуу 48 жаштагы адам кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда баласы 26 баш кой жана 25 баш козусун талаага жайганы чыгып, үйүнө келе жаткан учурда койлору талаадан жоголгондугун билдирген.
Сузак районунун дагы бир тургуну 24-сентябрь күнү түш чамасында Таш-Булак айылынын талаасында жайылып жүргөн 31 баш коюн белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Милиция Чүйдө жоголгон 50дөн ашык жылкыны издеп жатат
Эки арыз боюнча жабырлануучулар бир миллион сомдон ашуун зыянга учурашканын айтып, койлордун баарынын тукуму "гиссар" экенин билдиришкен.
Фактылар Сузак РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Сузак районунун 1977-жылкы Ш.М. аттуу тургуну кармалды. Ал райондук соттун чечими менен эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган шектүү
"Шектүү уурдалган койлорду Аксы районуна алып барып сатып, Өзбекстанга өткөрүп жиберген", — деп айтылат маалыматта.
Милиция уурдалган койдун 28ин таап, ээлерине кайтарып берген.