Радио

Женишева: мыйзам кабыл алууда жалпы коомчулук пикир билдириш керек

"Калк үчүн жеткиликтүү мыйзамдар" долбоорунун координатору Наргиза Женишева жаштардын көпчүлүгү көлөмдүү тексттерди окубай турганын белгиледи.
Sputnik
Мыйзам кабыл алуу жалгыз мамлекеттик кызматкерлердин милдети эмес. Ага жалпы коомчулук пикир билдирүүгө аракет кылуусу абзел. Бул тууралуу Наргиза Женишева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтты.
Ал мыйзамдар юридикалык оор тил менен жазыларына токтолду.
"Калк үчүн жеткиликтүү мыйзамдар" долбоорун жазып чыгуунун алдында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жаштардын арасында чакан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Аларга укуктук маалыматтарды кайдан аласыңар, кайдан окуйсуңар деген суроо бергенбиз. 600дөн ашык респонденттин 70 пайызы көлөмдүү тексттерди окубай, мыйзамдарды карабай турганын билдиришкен. Социалдык тармактардын өнүгүүсү, визуалдык маалыматтарды алууга жеңил болгондуктан жаштардын көпчүлүгү узун тексттерди окуй беришпейт. Ал эми мыйзамдар юридикалык оор тил менен жазылат. Мындан тышкары, юристтер мыйзам колдонуунун татаалдыгын белгилешүүдө. Анткени бир деңгээлде турган мыйзамдарда карама-каршылык кездешкен учурлар бар. Ошондой эле айрым мыйзамдарды ишке ашыруу жолдору көрсөтүлгөн эмес. Ал эми Конституцияда жөнөкөй эле багыты берилип калган болот. Мыйзамдарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жалгыз эле мамлекеттик кызматкерлердин милдети эмес. Ага жалпы коомчулуктун катышуусу маанилүү. Бул үчүн коомдук талкуу учурунда өз пикирин билдирүү зарыл. Андыктан мыйзамдарды калкка жеткирүү иштери колго алынуусу абзел", — деди Женишева.
Ошондой эле ал долбоордун алкагында мыйзамдар боюнча онлайн-курс өткөрүлгөнүн кошумчалады.