Бишкектин 23 жерине жол чырак коюлду. Даректери

Мэрия жаңы жол чырактар биринчи кезекте жолдогу абалды жакшыртуу жана кырсыктардын санын азайтуу максатында орнотулуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 18 транспорттук жана жөө адам өтө турган беш жерге жаңы жол чырак орнотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Бишкек шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 18 транспорттук жана жөө адам өтө турган беш жерге жаңы жол чырак орнотулду
2 / 3
Бүгүнкү күндө 15 транспорттук жана үч жөө адам өтчү жерге жол чырак тесттик режимде иштеп жатат
3 / 3
Калганы дагы ишке киргизилүүдө.
Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө 15 транспорттук жана үч жөө адам өтчү жерге жол чырак тесттик режимде иштеп жатат. Калганы дагы ишке киргизилүүдө.
"Быйылкы жылдын тизмеси боюнча 20 объектинин долбоордук-сметалык документин даярдоо пландалууда. Алар келерки жылы курулат. Тизме шаардыктардын кайрылууларынын, райондук акимчиликтердин сунуштарынын негизинде жана борбор калаанын ЖКККБнын корутундусун эске алуу менен түзүлдү. Жол чырак негизинен мектептердин, бала бакчалардын жанында жана эл көп жүргөн жерлерде орнотулат", — деп айтылат маалыматта.
Жол чырак төмөнкү даректерде коюлду:
Бишкек — Ош жолунда фуралардын жүрүшү убактылуу чектелди. Эскертүү
Ошондой эле коомдук транспорттун иштеши боюнча суроолор болсо, шаардык транспорт башкармалыгынын колл-борборуна: 0 (312) 53-36-48 номери аркылуу байланышсаңыз болот, ал эми сүрөт жана видеолорду WhatsApp: 0 (502) 205-202 номерине жөнөтүүгө мүмкүн.