Түркияда төрт кулактуу мышык социалдык тармакты багындырууда. Сүрөт, видео

Instagram тармагында мышыктын атынан баракча ачылып, 48 миң киши катталган. Ээси жаныбар бир аз чоңойгондо генетикалык изилдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Түркиянын Анкара шаарында төрт кулагы менен туулган мышык социалдык тармакты багындырууда. Жаныбарга генетикалык өзгөчөлүгү тоскоолдук жаратпастан, тескерисинче, жылуу пикир чогултуп жатканын National Geographic жазды.
Төрт айлык мышыкты багып алгандар Мидас аттуу каймана ат берген. Instagram социалдык тармагында анын атынан баракча ачылып, 48 миң киши катталган. Колдонуучулар ага жылуу сөздөрдү калтырууда.
Мышыктын ээси ал бир аз чоңойгондо генетикалык изилдөөдөн өткөрүп, ашыкча кулактары ден соолугуна кандай таасир этерин билүүнү пландап жатканын айткан.
Бирок мышык багылган үйдүн кожойкеси кулактары кадимки жашоо образын жүргүзүүгө эч кандай тоскоолдук жаратпай турганын, өзүнүн байкашынча, угуусунда деле өзгөчөлүктөр сезилбегенин белгилеген.