"Кыйыр таасири жок": мурунга тамчылаткан вакцинанын коопсуз экени айтылды

Сентябрдын аягында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму SARS-CoV-2 вирусунун өлүмгө кептеши менен эмдөөдөн баш тартуунун байланышы бар экенин жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Мурунга тамызуучу вакцинанын эч кандай кыйыр таасири аныкталган жок. Бул тууралуу Россиядагы Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург маалымдаганын РИА Новости сайты жазып чыкты.
Россиядагы Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург
"Бүгүнкү күндө назалдык вакцинанын эч кандай кыйыр таасирлери байкалган жок", — деди ал.
Октябрдын ортосунда Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Гамалея борбору тарабынан иштелип чыккан SPRAY 08-Гам-КОВИД-Вак-2021 вакцинасынын клиникалык сыноолоруна уруксат бергени айтылган.
Ошондой эле Гинцбург COVID-19га каршы эмдөөнүн ордуна бул препаратты пайдалануу жөнүндөгү маселе клиникалык изилдөөлөргө жараша чечилерин, азырынча бир өңчөй жооптун жоктугун кошумчалаган. Окумуштуунун айтымында, тамчылатма вакцина менен жарым жылда бир эмделүү керек, балким, аралыгы андан да узагыраак болушу мүмкүн. Бул алдыда дагы изилденмекчи.
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
Учурда эмдөө — коронавирустан коргонуунун эң ынанымдуу ыкмасы. Россиянын мисалына, тагыраагы, РФ саламаттык сактоо министринин башчысы Михаил Мурашконун маалыматына таянсак, COVID-19ду оор көтөрүп жаткандардын арасында эмделгендер 0,03 пайыздан аз, ал эми ооруканага түшкөн бейтаптардын басымдуу бөлүгүн эмделбегендер түзөт.
Эске салсак, сентябрдын аягында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму SARS-CoV-2 вирусунун өлүмгө кептеши менен эмдөөдөн баш тартуунун байланышы бар экенин жарыялаган.