Кыргызстандыктар англис тилин канчалык билишет? Дүйнөлүк рейтинг

Отчёт 112 өлкөдөн эки миллиондой киши катышкан тестирлөөнүн жыйынтыгына негизделген. Кыргызстан рейтингде Таиланд менен Омандын ортосунда жайгашты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстан EF Education First компаниясы тарабынан иштелип чыккан англис тилин билүү рейтингинде 101-орунду ээледи.
Тизме EF English Proficier Index — 2021 изилдөөнүн жыйынтыгы менен түзүлдү. Отчёт 112 өлкөдөн эки миллиондой киши катышкан тестирлөөнүн жыйынтыгына негизделген.
Көрсөткүчтөргө ылайык, Кыргызстан "англис тилин өтө төмөн деңгээлде билген өлкөлөр" категориясына кирип, Таиланд менен Омандын ортосунда жайгашты.
"Соңку бир жылда элдин тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусу кескин төмөндөдү. Пандемиядан улам адамдар дээрлик саякаттабай, иш сапарларга чыкпай калышты. Мындан улам тил үйрөнүү же тилди билүү деңгээлин сактоо зарылчылыгы жок болду. 2020-жылга салыштырмалуу 30 жаштан ашкан адамдарда прогресс байкалып, ал эми 40 жаштагылар биринчи жолу тилди орточо деңгээлде билгендер тобуна кирген. Бул көрүнүш чоңдордун тил үйрөнүү жөндөмдүүлүгүнөн кабар берет", — деп айтылат отчётто.
Орус тилди чектөө менен экономикага залал келтиребиз... Серепчилердин пикири
Өзбекстан 88-орунга жайгашып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыда. Казакстан 96-орун, Тажикстан 103-орунда турат. Түркмөнстан бул рейтингге кирген эмес.
Англис тилин мыкты билгендердин катарына Нидерланддар, Австрия, Дания, Сингапур жана Норвегия кирди. Ал эми Йемен, Түштүк Судан жана Конго мамлекеттеринде бул тилди өздөштүргөндөр өтө аз болуп чыккан.