Кыргыз киносунун багын ачкан чолпон жылдыздар. Генийлердин сүрөттөрү

Бүгүн ата мекендик кинематография 80 жылдыгын белгилеп жатат. Анын башында турган киночулардын кызыктуу ирмемдерин Sputnik Кыргызстан агенттиги сунуштайт.
Sputnik
Өткөн кылымдын 60-70-жылдары кыргыз киночулары киношедеврлерди сунуштап "кыргыз кереметин" жараткан.
СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин дипломдук иш болгон "Бакайдын жайыты" тасмасы Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград, Душанбедеги фестивалдарда сыйлык алып, дүйнөнүн 100 мыкты киносунун катарына кирген.
Андан сырткары, анын "Көк серек" фильми СССРдин атынан "Оскар" сыйлыгына "Чет элдик мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлгөн.
Шаарга таң калган эки кемпир. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасынан ирмемдер
КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун кылмыштуулук, басмачылар, чекисттердин өткөн кылымдын 20-жылдарындагы турмушу баяндалган кинокартинасы биринчи кыргыз блокбастери аталган. Кинофильм 60-жылдардын соңунда СССРде көрүүчүсү көп кинокартиналардын сап башына чыккан.
Ал эми СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин "Бөрү зындан" криминалдык драмасы прокаттан мамлекеттик казынага 100 миллион доллар алып келген. Ал кинематографисттердин эмгектери азыр алтын фондуда сакталып турат.
Союз учурунда Кыргызстанда жылына 15-20 кинокартина жарыкка чыккан.
1 / 16
Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" фильмин тартуу учуру
2 / 16
Тоонун башында операторду сүйрөгөн киночулар, аларды жандаган режиссер Мелис Убукеев
3 / 16
Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын тартууда
4 / 16
Кыргыз киночулары ак кар, көк музда тоо-таш, кокту-колотту аралап, шедеврлерди жараткан
5 / 16
Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров 1977-жылы "Каныбек" тасмасын тарткан
6 / 16
Айтылуу кинорежиссер Альгимантас Видугирис менен оператор Манас Мусаев
7 / 16
СССРдин эл артисти, кинорежиссер Төлөмүш Океев Берлиндеги кинофестивалда
8 / 16
Жүк ташуучу унаанын үстүндө атактуу актер Сүймөнкул Чокморов, ылдый жагында камерага тарткан Видугирис
9 / 16
Биринчи кыргыз блокбастерин тарткан Геннадий Базаров. "Буктурма" кинокартинасы, 1968-жыл.
10 / 16
Жайлоодогу жылкыларды тик учак менен тарткан киночулар. "Бакайдын жайытын" экрандаштыруу учуру.
11 / 16
Биринчи кыргыз профессионал кинооператор Марлес Туратбеков
12 / 16
Жаш кинорежиссер Мелис Убукеев, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев кесиптештери менен. "Кыргызфильм", 1964-жыл.
13 / 16
"Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү закымдары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямага чыгуу" тасмаларын жараткан Болот Шамшиев
14 / 16
Белгилүү оператор Кадыржан Кыдыралиевдин да "кыргыз кереметине" тиешеси бар
15 / 16
Иш маалында киночуларга көз салган режиссер Геннадий Базаров
16 / 16
Союз маалында Кыргыз ССРинде жылына 15-20 тасма тартылган