Жаңы конуштун тургундары тосуп алган айланма жол ачылды

Кыймыл калыбына келгени менен ЖКККБнын инспекторлору нөөмөттө турат. Кандайдыр бир терс аракеттер боло турган болсо дароо чара көрүүгө даяр.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкектин түндүк тарабындагы айланма жол жарым саатта ачылып, кыймыл саат 18.30да калыбына келтирилди. Бул тууралуу Чүй облусунун ЖКККБсы билдирди.
Буга чейин Алтын-Казык конушунун жашоочулары электр энергиясы өчүрүлгөнүнө нааразы болуп, жолду тосуп алышканы айтылган. "Түндүк электр" жарык айрым абоненттердин ири көлөмдөгү карызынан улам өчүрүлгөнүн маалымдаган болчу. Аймакка Чүй облустук милициянын жетекчилиги да барган.
"Жол милициясы дароо эле аталган жерге 4-5 экипаж жөнөткөн. Тартип бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң кыймыл калыбына келтирилген. Жол болжол менен саат 18.00дө тосулса, жарым сааттан кийин ачылды", — дешти милициядан.
Абал жөнгө салынганы менен жеринде милиция кызматкерлери нөөмөттө турат.