Жыл башынан бери Кыргызстан кайсы товарларды сыртка көп сатты. Статистика

Мамлекеттин экспорттук тармагында мурдагыдай эле кайра иштетүү өнөр жайы флагман катары кармалып турат. Бирок былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр түшүп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Быйылкы жылдын тогуз айынын ичинде Кыргызстан экспорттогон товарлардын басымдуу бөлүгүн, тагыраагы, 71,6 пайызын кайра иштетүү өнөр жайынан чыккан продукциялар түздү. Ошол эле учурда бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу төмөн экенин Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайынын сыртка саткан товарлары жалпы мамлекеттик экспорттун 80,7 пайызын түзгөн эле.
Радио
Момунов: ЕАЭБге киргенден бери жеңил өнөр жай тармагынын иши жеңилдеди
Металлды кайра иштетүү жана андан буюм-тайым жасоонун көлөмү 54,6 пайыздан 24,7 пайызга чейин түшүп кеткен. Анткен менен тикмечилердин (кийим-кече) сыртка чыгарган товарлары 4,4 пайыздан 6,9 пайызга, тамак-аш экспорту 6,7 пайыздан 10,4 пайызга, нефть продукцияларынын экспорту 2,4 пайыздан 4,1 пайызга чейин өстү.
Кайра иштетүү өнөр жайынын башка тармактары тууралуу айта турган болсок, 9 ай ичинде экспорттолгон товарлардын 12,3 пайызын кен байлыктар, 8,7 пайызын айыл, токой жана балык чарбасы өндүргөн, 8,3 пайызын таштандыларды кайра иштетүүдөн жасалган продукциялар ээледи.