Көбү добуш сатып алып, админресурс колдонгон. ИИМ бузулган эрежелерди тизмектеди

Милиция жалган маалымат тараткандарды аныктоо үчүн ЖМК менен соцтармактарга да мониторинг жүргүзүп жатканын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталгандан ушул күнгө чейин шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин 15-ноябрдын саат 8:00гө карата берген маалыматында айтылат.
Анын ичинде Жазык кодекси боюнча 28 кылмыш каттоого алынган:
Жоруктар кодекси боюнча 27 факты:
Ал эми ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал жазылган. Анын ичинен 43ү номенклатуралык ишке чыгышталган, 15и аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, сегизи башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы жетөө каралууда.
"Ички иштер министрлиги саясий маселелерге катышпайт. Бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат, кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт. Бирок укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар орун ала турган болсо мыйзам чегинде чара көрөт", — деп жазылган билдирүүдө.
Соттолуп кетесиңер! Садыр Жапаров элди добушун сатпоого чакырды
Мындан сырткары, ИИМ коомду тынчсыздандырууга түрткөн жалган маалымат тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына мониторинг жүргүзүп жатканын эскертти.
Ошондой эле мындай иштерден алыс болууга чакырып, андай фактылар боюнча 102 телефон номери аркылуу кабарлоону суранат.