Милиция: Бишкекте дөңгөлөк уурдап, өз автоунаасына тагып алган киши кармалды

Шектүү уурдалган дөңгөлөктөрдү өзүнүн автоунаасына тагып алган. Милиция мүлктү ээсине кайтарып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте бирөөнүн автоунаасынын дөңгөлөктөрүн уурдап, өзүнүкүнө тагып алган киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка караганда, 30-октябрь күнү шаар тургуну Таш-Көмүр көчөсүндөгү үйүнүн жанында токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасынын төрт дөңгөлөгүн тең уурдап кеткенин айтып, райондук милицияга кайрылган.
Аталган факт Жазык кодексинин 200-беренесине ("Уурулук") ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Издөө иштеринин жыйынтыгында милиция кызматкерлери 26 жаштагы жаранды кармады. Ал уурдаган дөңгөлөктөрдү өзүнүн автоунаасына тагып алган. Мүлк ээсине кайтарып берилип, шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Шектүүнүн ушул сыяктуу төрт кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган.