Аламүдүн райондук милициянын тергөөчүлөрү пара менен кармалды. Сүрөт

Тергөөчүлөр алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом пара талап кылган деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарларды.
1 / 2
Чүй облусундагы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды
2 / 2
Билдирүүгө ылайык, атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн
Билдирүүгө ылайык, атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада тергөөчүлөр Н.Д. аттуу жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом пара талап кылганы белгилүү болгон.
"10-ноябрда тергөөчүлөр Бишкек шаарындагы банктардын биринен Б.К.Н. аттуу жарандын банк картасы аркылуу Н.Д. өкүлү А.И. аттуу кишиден 70 миң сом алышкан. Ал эми 12-ноябрда тергөөчү Г.М.Ш. алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК пара талап кылган деген шек менен Сокулуктун үч милиционерин кармады
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Аламүдүн РИББдин кармалган тергөөчүлөрүнүн бири Г.М.Ш. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда.