"Спутник Лайт" вакцинасы менен кайра канча убакытта эмделиш керек? Адистин пикири

Адис жарым жылдан кийин адамдын антителосунун деңгээли төмөндөй турганын айтып, алты айдан кийин кайра эмделүү туура экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммы тараган шартта "Спутник Лайт" вакцинасы менен жарым жылда бир эмдөөдөн өтүү керек. Бул тууралуу Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург билдиргенин РИА Новости кабарлады.
"Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөө боюнча сунуштамасында эпидемиологиялык кырдаал оорлосо алты ай сайын кайра вакцина алып туруу жазылган. Мен буга толугу менен кошулам. Эгер жаңы штамм пайда болсо, "Спутник Лайт" вакцинасы менен дагы алты айда бир эмделип туруу зарыл. Кокус жаңы штамм чыга турган болсо, анын жаңы өзгөчөлүктөрүн карап ошого жараша иш кылабыз", — деген окумуштуу.
Ал жарым жылдан кийин адамдын антителосунун деңгээли төмөндөй турганын белгилеген.
"Спутник Лайт" Россияда чыгарылып, май айынын башында каттоого алынган. Анын натыйжалуулугу 79,4 пайызды түзөт жана эки жолу сайыла турган көптөгөн вакциналардан алда канча сапаттуу.
"Спутник Лайт" —  "Спутник V" вакцинасынын биринчи компоненти. Аны менен эмделгендерде олуттуу терс таасирлер катталган эмес.