БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 74 адамдан коронавирус табылып, 103 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Өлкөдө ооругандардын жалпы саны 182 341ге жетти. Анын ичинен 176 824ү дартты жеңген.
Тилекке каршы, өлүм учурлары токтой элек. Кечээтен бери оору эки кишинин өмүрүн алган. Муну менен пандемия башталгандан тарта өлкөдө 2 704 адам коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта стационарда 564, ал эми амбулатордук шартта 721 адам дарыланып жатат.
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 7 703 адам өткөн. Анын ичинен 3 386сы биринчи дозаны алса, 4 317 адам коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасы менен эмделген.