Радио

Осмонов: контент жаратууда блогер адеп-ахлак, менталитетти да эске алышы керек

Журналист, блогер Азирет Осмонов азыркы учурда блогерлер коомдо таасирдүү күчкө ээ болуп калгандыгын айтты.
Sputnik
Айрым блогерлерге медиасабаттуулукту үйрөтүп, туура жолго сала турган мамлекеттик орган болушу керек. Мындай пикирин Азирет Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, контент жаратууда блогерлер адеп-ахлакты, менталитетти да эске алып, ага жоопкерчилик менен мамиле кылса жыйынтыгы жакшы болот.
"Учурда блогерлердин максаттуу аудиториясы абдан чоң. Алар коомдо пикир жаратып, көпчүлүккө таасир бере алышат. Менин кесибим журналист болгондуктан чектен чыкпаганга аракет кылам. Материалды журналисттик принциптерди, этиканы камтып даярдайбыз. Биздин контент башкаларга терс таасирин тийгизбей тургандай эмгек жаралышы кажет. Жаштарды, улуу муунду эске алып, жети өлчөп, бир кесип актуалдуу маселелерди көтөрүп чыгабыз. Ар бир видеонун максаты бар. Жөн гана хайп жаратып таанымал болуу менин журналисттик принциптериме туура келбейт. Кээ бир блогерлерге медиасабаттуулукту үйрөтүп, туура жолго сала турган мамлекеттик орган болушу керек", — деди Осмонов.
Ошондой эле ал Кыргызстанда блогерлик аркылуу коомдун калың катмарына оң таасир берүүчү темалар көп экендигин кошумчалады.