Стратегия, пландарды кабыл алганда каржылоо аныкталбай калат. Ошондуктан анын ишке ашуусу көйгөй жаратат. Мындай пикирин Мырза Каримов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашырууда дагы ушундай маселе бар.
"Билим берүү боюнча программа, стратегияларда жакшы ойлор камтылат. Бирок аны каржылоо маселеси так көрсөтүлбөй калат. Чыгымдары, жооптуу адамдар, мекемелер бекитилген эмес. Ошондуктан программаны ишке ашырууда көйгөй жаралат. Анан дагы бир жагдай, билим берүү боюнча программаларды кабыл аларда мугалимдердин пикири эске алынбайт. Иш пландар ылдыйдан жогору карай эмес, жогорудан ылдый карай түзүлөт. Маселен, ар бир предмет боюнча жергиликтүү компонент дегенди ишке ашыруу керек. Бирок мектептерде ал жок. Жергиликтүү компонент деген — бул кайсы бир аймактын өзгөчөлүгүнө басым жасоо зарыл. Мисалы, тарых сабагын Өзгөндө ошол аймак тууралуу окутуп, жергиликтүү компонент жок дегенде 20 пайызды түзүшү керек", — деди Каримов.
Ошондой эле ал мугалимдерди даярдоого өзгөчө маани бөлүү зарылдыгын кошумчалады.