БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиянын бажы инфраструктурасы департаментинин директору болуп Данияр Иманалиев дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Данияр Иманалиев 1980-жылы 21-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин "ишканалардын экономикасы" адистигин бүтүргөн. Андан кийин Япониянын Киото шаарындагы Ритцумейкан университетинин "экономикалык өнүктүрүү" адистигин бүтүргөн.