Шылуундар "Матрица" жылдызы Киану Ривздин атын колдонуп аялдардан акча алууда

Бул теманы иликтеген журналист Дэвид Лазарус интернет шылуундары 2017-жылдан бери актёрдун атын колдонуп келерин айткан. Алдамчылардын торуна орто курактагы аялдар түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Алдамчылар голливуд актёру, "Матрица" киносунун жылдызы Киану Ривздин атынан фейк аккаунттарды ачып, аялдарды алдап акча алууда. Бул тууралуу Le Figaro басылмасы жазды.
People версиясы боюнча 2021-жылдын эң сексуалдуу мырзасы аныкталды
Журналисттин айтымында, шылуундар Кианунун атынан колдонуучуларга Instagram, Facebook, Twitter социалдык тармактарынан же башка сайттардан байланышат.
"Алдамчылардын торуна орто курактагы аялдар түшөт. Алар интернеттеги жазышууларга бат ишенип, акча которуп жиберет. Мисалы, актёрдун фейк аккаунтунда отургандар акыркы тасмасын тартып жатканда кайсы бир өлкөдө мыйзамсыз кармалып калганын же банктык эсебин ача албай жатканын айтат. Ошондой эле биткоин сатып же сатып алуу үчүн жазышкан кишинин банктык эсебин сурайт. Ошондой жөө жомокко ишенген 80 жаштагы кемпир үйүн сатканга чейин барыптыр. Мындан сырткары, Тайвандагы эки аял да 350 миң долларлык биткоинге алданган", — деген макаланын автору.
Журналисттер жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Киану Ривз орто курактагы аялдардын сүйүктүү актёру. Буга байланыштуу алдамчылар анын атын колдонору белгиленет.