Препаратты Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы жеткирип келген. Жүктү "Манас" аэропортунан саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-бек Бектурганов тосуп алган.
"Спутник Лайт" Россияда чыгарылып, май айынын башында каттоого алынган. Анын натыйжалуулугу 79,4 пайызды түзөт жана эки жолу сайыла турган көптөгөн вакциналардан алда канча сапаттуу.
"Спутник Лайт" — бул "Спутник V" вакцинасынын биринчи компоненти. Аны менен эмделгендерде олуттуу терс таасирлер катталган эмес.