БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн коргоо министри Бактыбек Бекболотов конверт сунуштаган Бердибек Асанов аттуу полковникти кабинетинен кубалап чыкканын бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Министр буга чейин Асанов ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчисинин орун басары кызматынан чакыртылганын, анткени аны дайындоодо мыйзам бузуулар аныкталганын айткан.
Бекболотов министр болуп иштеп баштаган биринчи күнүнөн тарта (сентябрь айынан баштап) коррупция менен аёосуз күрөшүү маселесин көтөргөнүн билдирди.
"Сөз болуп калды... Асанов жөнүндө... Ал мага биринчи келип конверт сунуштады. Мен аны кабинеттен кууп чыктым. Анан орун басарлар киришти, мен ошондо аны аяганыма өкүнөм... Азыр анын колуна кишен салынмак. Министр катары өткөргөн алгачкы жыйында эле коррупцияга каршы катуу күрөшөрүмдү айткам, коррупцияга аралашкандар чинине, аскердик наамына, даражасына карабай баары кызматтан алынат", — деген Бекболотов.
Журналисттердин Асанов параны эмнеге сунуштаганы тууралуу суроосуна ал: "Муну полковникке жолдоо керек. Асанов эмне үчүн бергени жатканын айтканга да үлгүргөн жок, мен аны кууп чыккам да", — деп жооп кайтарды.