Бишкекке 200 миң доза "Спутник Лайт" вакцинасын алып келишти. Видео

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы бир компоненттүү вакцина сатып алыш үчүн 1,2 миллион доллар бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 12-ноябрда, "Манас" эл аралык аэропортуна 200 миң доза "Спутник Лайт" вакцинасы жеткирилгендигин Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.
Препаратты Россиянын ӨКМинин учагы жеткирип келди. РФ өкмөтү Кыргызстанга жардам катары коронавируска каршы бир компоненттүү вакцина сатып алыш үчүн 1,2 миллион доллар бөлгөн.
1 / 4
Бүгүн, 12-ноябрда, "Манас" эл аралык аэропортуна 200 миң доза "Спутник Лайт" вакцинасы жеткирилгендигин Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди
2 / 4
Препаратты Россиянын ӨКМинин учагы жеткирип келди
3 / 4
РФ өкмөтү Кыргызстанга жардам катары коронавируска каршы бир компоненттүү вакцина сатып алыш үчүн 1,2 миллион доллар бөлгөн
4 / 4
"Спутник Лайт" Россияда чыгарылып, май айынын башында каттоого алынган. Анын эффективдүүлүгү 79,4 пайызды түзөт жана эки жолу сайыла турган көптөгөн вакциналардан алда канча сапаттуу.
"Спутник Лайт" Россияда чыгарылып, май айынын башында каттоого алынган. Анын эффективдүүлүгү 79,4 пайызды түзөт жана эки жолу сайыла турган көптөгөн вакциналардан алда канча сапаттуу.
"Спутник Лайт" — бул "Спутник V" вакцинасынын биринчи компоненти болуп саналат. Аны менен эмделгендерде олуттуу терс таасирлер катталган эмес.