Россиянын эң сырдуу жерлеринен өзгөчө 13 сүрөт

Бул жерлердин айрымдарында техника такыр иштебейт. Туристтерде кайдан-жайдан коркуу сезими пайда болуп, ыңгайсыздык жаралат.
Sputnik
РИА Новости чыгарган сүрөт түрмөккө Карелиядагы Воттоваара тоосу, Байкалдагы уламыштарга байланышкан Рытый тумшугу, Крымдагы табышмактуу Күн храмы, мурдагы Алленберг психиатриялык клиникасы жана Дятлов ашуусу кирген.
 
1 / 13
Воттоваара тоосу Карелиядагы стандарттуу туристтик маршруттарга кирбейт. Жолдун начардыгынан туристтерди ал жакка УАЗ-2206 унаасы менен жеткиришет. Бул уникалдуу геологиялык эстелик. Бул аймак укмуштуудай таштар, аска жана куураган дарактар, ошондой эле футуристтик пейзаждары менен да белгилүү
2 / 13
Воттоваара уламыштары менен көптөрдү өзүнө тартат. Кээ бирөөлөр тоодо башка дүйнөнүн жашоочулары бар жана рухтар менен баарлашса болот деп ойлошот. Башкалары салмактуу таштар, таштуу амфитеатр жана "асманга карай тепкич" башка планетадагы цивилизациянын издери деп эсептешет
3 / 13
Воттоваарага байланыштуу көптөгөн гипотезалар бар. Мисалы, бул сейддер айланада болуп жаткан нерселер жөнүндө маалыматтарды топтогон чоң таштан жасалган "флешкалар"
4 / 13
Алтайдагы Телец көлү Россиядагы эң караңгы жана сырдуу көлдөрдүн бири. Уламыш боюнча, түбүндө "өлгөндөр токою" бар. Ал жерде суунун температурасы +4 градустан ашпайт, чөгүп кеткендердин сөөгү "сакталып" калат
5 / 13
Жергиликтүү тургундар түрдүү аңыз кептерди айтышат. Айрым версияга ылайык, Телец көлү атактуу Шамбаланын түндүк дарбазасы, өлбөстүктүн жери деп айтылат. Ал эми түн ичинде тереңдиктен суу астындагы храмдын коңгуроосу угулат деген имиш бар. Мындан сырткары, Чыңгыз хандын атчан аскерлери акыркы баш калкалоочу жайын дал ушул жерден табышканы айтылат
6 / 13
Дятлов ашуусу эң белгилүү мистикалык жерлердин бири. 1959-жылы бир топ туристтин табышмактуу өлүмү көптөгөн гипотезаларды жаратты. Холатчахль тоосуна келгендер бул жерди өз көздөрү менен көргүсү келет
7 / 13
Турист Дмитрий Татьяноха ашууда айрыкча түнкүсүн тынчсыздануу сезими өзгөчө сезилерин айтты. Тогуз турист Холатчахлдын жападан жалгыз курмандыктары эмес. Бул ысым манси тилинен "маркумдар тоосу" деп которулат
8 / 13
Калининград облусундагы кароосуз калган Алленберг психиатриялык ооруканасы. 1852-1940-жылдары бул жерде Чыгыш Пруссиянын эң чоң оорукана комплекси болгон. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда имарат ССчилерге таандык болуп калган. Имиштерге ылайык, бул жерде туткундар кыйноого алынган
9 / 13
Алленбергде 2010-жылга чейин советтик, андан кийин россиялык аскер бөлүгү жайгашкан. Азыр кадимкидей "кароосуз жер" болуп калды, бадал-дарактар басып, терезелери сынган. Бул жерге келген саякатчыларда түшүнүксүз жагдайда эле коркуу сезими пайда болот. Туристтер имаратта көпкө калуу мүмкүн эместигин айтышат
10 / 13
Байкалдын жээгиндеги Рытый тумшугу. Бул жерде эч ким жашабайт, биякка келүүчү жолдор, жада калса чыйыр жолдор да жок. Кайыктар гана жакын жерге сүзүп келе алат. Компас менен навигатор багытты көрсөтүүдө адашып кетет. Техникалар тап-такыр иштебей калат
11 / 13
Жээкке келгендерге шамандар курмандык чалууну сунушташат. Гиддин айтымында, Рытыйга келген туристтер өзүнөн-өзү чарчап, ыңгайсыздыктар жаралганын айткан. Амнезия, оордук сезими, галлюцинация жана аян түштөрдү көрүү бул аймактагы демейдеги эле көрүнүш болуп саналат
12 / 13
Крымда сырдуу жерлер бар. Алардын бири Демерджи арбактар өрөөнү. Жагымсыз аба ырайында тоонун чокусунан булуттардын үстүнөн сейрек кездешүүчү атмосфералык кубулуштун көлөкөсүн көрүүгө болот деп айтылат. Ал эми фантастикалык жандыктарга окшош таш фигуралар "арбактар" элесин туюнтат
13 / 13
Күн храмы жарым аралдагы күчтүн эң бийик жери деп эсептелет. Ал курмандык чалуу үчүн ортосунда сыйына турчу ташы бар чоң айлампаны элестетет. Айрым версия боюнча бул байыркы обсерватория деп берилсе, кээ биринде параллелдүү чындыктын астанасы деп айтылат