ЖМК менен соцтармактарга байкоо салынууда. ИИМ шайлоо алдында эскертүү жасады

Милиция жарандардан шайлоого байланыштуу мыйзам бузууларды байкаган учурда 102 телефон номуру аркылуу кабарлоосун эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги парламенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда коомдук тартип кантип сакталарын дагы бир ирет эскертип, буга чейин эреже бузгандар каттоого түшкөнүн билдирди.
Алгач тартипти сактоо үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын санап берди:
Ал эми буга чейинки тартип бузгандар тууралуу айтсак, шайлоо жол-жобосун бузган 73 факт кездешкен.
Алардын ичинен 19 факт Жазык кодексинин 192 ("Шайлоочуларды сатып алуу"), 182 ("Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" жана 200-беренелери ("Уурдоо") боюнча катталган.
Бул жолку депутаттар кантип шайланат? Кызыгы көп эрежелер тууралуу видео баян
17 факт Жоруктар жөнүндө кодекстин 119 ("Майда бейбаштык"), 87-1 ("Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу", 94 ("Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу") жана 90-беренелери ("Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо") менен каттоого алынган. Калган 37си кайра карап чыгууга жиберилип же башка өндүрүш ишине кошулган.
Милиция жарандардан шайлоого байланыштуу мыйзам бузууларды байкаган учурда 102 телефон номуру аркылуу кабарлоосун суранат.