Бишкек Римдин эстеликтерди сактоо, турист тартуу тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыгууда

Италия тарапка эки борбордун ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча макулдашуунун долбоору берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкек Римдин эстеликтерди сактоо жана туристтерди тартуу тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыгууда. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италияга болгон биринчи расмий сапарынын алкагында Рим шаарынын вице-мэри Сильвия Скоцезе менен жолугушкан.
Анда министр шаар бийликтеринин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
"ТИМ башчысы Рим муниципалитетинин зор тажрыйбасын эске алуу менен кыргыз тарап тарыхый эстеликтерди кылдаттык менен сактоо жана туристтерди тартуу тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экенин белгиледи. Өз кезегинде Рим шаарынын вице-мэри Бишкек менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Казакбаев Рим папасы менен жолукту: Ватикан кыргыз тарапка эмне сунуштады. Сүрөт
Жолугушуунун жыйынтыгында Италия тарапка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин каты, ошондой эле эки борбордун ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча макулдашуунун долбоору берилген. Аны менен катар Казакбаев кыргыз тарап Римдин мэри Роберто Гуальтерини дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында аталган макулдашууга кол коюу үчүн Кыргызстанга келүүгө чакырган.