Сальмонелла — өтө коркунучтуу, массалык түрдө тез жайыла турган бактерия. Себеби оорунун булагы эт, жумуртка, балык өңдүү азыктар болгондуктан бул ингредиенттер түрдүү тамак-ашка кошулат. Алар азык-түлүктүн сырткы көрүнүшү менен жытын өзгөртпөйт да, тамак-ашта көбөйө берет. Бул тууралуу Бүбүжан Арыкбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сальмонелла бактериясын бир гана жогорку температурада жок кылса болот.
"Сальмонеллез — salmonella бактериясы козгой турган жугуштуу илдет. Инфекциянын булагы үй жаныбарлары, канаттуу жана балык болуп эсептелет. Инфекция ооз аркылуу жугат. Тамак-аш жасоодо ооруп жаткан адам аралашкан учурда дагы жугушу ыктымал. Сальмонеллездин алгачкы белгилери дароо байкалбашы мүмкүн. Бузулган азыкты жегенден кийин жарым, бир сутканын ичинде оорунун белгилери билинет. Сальмонеллез көп учурда жумуртканы чийки же чала бышырып, жакшы кайнабаган же чала куурулган тоок этин, балыкты жеген учурларда жугат. Мисалы, тоок сальмонеллез менен ооруса бактерия анын кыгына түшүп, жумурткага жабышып алышы мүмкүн. Андыктан жумуртканын сыртын жууп алуу сунушталат. Инфекция биринчи кезекте ашказандын иштешин бузуп, дененин табы көтөрүлүп, кусуу, ич өтүү менен коштолот. Ооруну алдын алуу үчүн уруксаты жок жерлерден эт, канаттуунун этин, жумуртка, быштак, сүт, сыр жана башка азыктарды сатып албаш керек. Даяр тамак-аш менен чийки затты эки башка тактайда кесүү зарыл. Ашкана буюмдарын таза жууп, кайнак суу менен чайкаңыз", — деди Арыкбаева.
Адис жумуртканы төрт мүнөт, этти 70 градуста көпкө кайнатса сальмонелла өлөрүн, ал эми кууруганда бактерия калып калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.