12-ноябрда Бишкекке 200 миң доза "Спутник Лайт" вакцинасы алып келинет

Россиянын өкмөтү бир компоненттүү дарыны сатып алуу жана Кыргызстанга жеткирүү үчүн 1,2 миллион доллар каражат бөлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Эртең, 12-ноябрда, Бишкекке коронавируска каршы Россия өндүрүшүнөн чыккан "Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасы алып келинет. Бул тууралуу Россиянын элчилигинен билдиришти.
Аны өткөрүп берүү иш-чарасы "Манас" аэропортунда болот.
Греция Кыргызстанга коронавируска каршы акысыз вакцина бере турган болду
Россиянын өкмөтү Кыргызстанга акысыз жардам көрсөтүүнүн алкагында бир компоненттүү препаратты сатып алуу жана республикага жеткирүү үчүн 1,2 миллион доллар бөлдү.
"Спутник Лайт" Россияда чыгарылып, май айынын башында каттоого алынган. Анын эффективдүүлүгү 79,4 пайызды түзөт. Бул эки жолу сайыла турган көптөгөн вакциналардан алда канча сапаттуу.
"Спутник Лайт"  — бул "Спутник V" вакцинасынын биринчи компоненти болуп саналат. Аны менен эмделгендерде олуттуу терс таасирлер катталган эмес.