Жалал-Абад: абакка нашаа ыргыткандарга бөгөт коюлду

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ЖАМКтын тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда жайгашкан №10 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери абакка тыюу салынган баңгизатты ыргыткандардын аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кызматкерлер скотч менен оролгон кара-жашыл өңдөгү, атайын жыты бар заттарды алышкан. Болжолдуу түрдө анын марихуана экени айтылат. Тыюу салынган заттын салмагы 3 килограмм 450 граммды түзөт.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ЖАМКтын тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүүдө.