БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россиялык автоунаа адиси Егор Васильев аба ырайынын кескин өзгөргөн шартында автоунаанын мешин кантип туура иштетүүнүн жолун түшүндүрдү. Бул тууралуу ал "Прайм" агенттигине билдирген.
Анын айтымында, унаада заманбап климаттык контролдоо опциясы бар болсо, анда кыймылдаткычты ишке киргизгенден кийин, мүмкүн болушунча тезирээк жылытуу үчүн терезелерди үйлөө режимин иштетүү керек. Бул үчүн машинада атайын кнопка бар.
"Айнектеги буу кеткен соң климатты көзөмөлдөөнү кадимки режимге түшүрүү керек. Эгерде унаа мындай заманбап система менен жабдылган эмес болсо, анда аба түтүктөрүнүн дефлекторлорун башкаруу менен аба агымын айнекти көздөй багыттоо керек. Салондогу нымдуулук тарагандан кийин гана андагы ыңгайлуулук жөнүндө ойлонуу зарыл", — деген адис.
Заманбап унааларда салондогу жылуулукту иштетүү үчүн кыймылдаткычты кызытууну күтүштүн кереги жок. Адис мындай учур эгерде сырттагы температура аябай суук болгондо гана жасалышы мүмкүн экенин айтат. Баса, маңдайкы айнектердин буусун тезинен кетирүү үчүн адис күндөн калкалоочу тетикти артка бүктөөнү сунуштайт. Алар жылуу абанын тарашына тоскоолдук кылат.
Эгерде айдоочу өзүнүн аккумуляторунун абалынан күмөн санаса, анда кыймылдаткычты иштетүүдөн мурун унаанын жылытуу системасы өчүрүлүп турганын карап көрүшү керек.