Радио

Жаныбеков: фермерликти камсыздандыруу колго алынууда

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айыл чарба тармагындагы тобокелчиликтердин алдын алуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын айтып берди.
Sputnik
Талаачылыктагы тобокелчиликтердин алдын алуу максатында агрардык камсыздоо киргизүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү менен айыл чарбасында тобокелчиликтер көбөйүүдө.
"Дыйканчылыктагы тобокелчиликтердин алдын алуу максатында агрардык камсыздандыруу киргизилүүдө. Учурда жарандар Айыл банктан лизингге асыл тукум мал алса, 1,5 пайыз төлөп малын камсыздандырат. Эгерде өлүп калса, камсыздандыруу компаниясы ордун толтуруп берет. Ушундай эле аракеттер талаачылык боюнча болот. Ал дыйкандардын түшүмүн мөндүр алып же үшүк уруп кеткенде тарткан чыгымдарын жеңилдетет. Мындан тышкары, сугат суу тартыштыгын чечүү аракеттери көрүлүүдө. Ирригациялык курулмаларды оңдоо колго алынып, скважиналар инвентаризациядан өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө 2875 скважинанын 92си министрликтин, калганы айыл өкмөттөрдүн балансында. Мына ушуларды дыйкандарга ижарага берип, жер алдындагы сууларды туура пайдалануу менен сугат көйгөйүн чечүү аракеттери көрүлүүдө", — деди Жаныбеков.
Ошондой эле ал учурда айыл чарба техникасын да камсыздандыруу киргизилгенин кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз: