"Чоң-Алтайдын "түрк-моңгол дүйнөсү": биримдик жана ар түрдүүлүк" деп аталган эл аралык долбоор Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Монголиянын жана Россиянын окумуштууларынын башын бириктирди. Алар түрк элдеринин жалпы тарыхый-маданий тарыхын изилдөөгө аттанышкан. Илимпоздордун биринчи иши Кыргызстанга жасалган этнографиялык экспедиция болуп калды. Окумуштуулар 16 айыл менен конуштарда болуп, кийиз жасагандарды көрүп, манасчылар менен таанышкан.
Биз сунуштаган экспедициянын сүрөттөрү Алтаистика жана түркология боюнча "Чоң-Алтай" илимий билим берүү борбору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте даярдалды.
Түрк элдеринин тамыры, тарыхы, маданиятынын түбү бир.
"Чоң-Алтайда түрк элдери түптөлүп, калк болду. Кийин башка маданияттар менен аралашып кеткенде деле, тагыраагы, заманбап бул мезгилде алардын каада-салтынан, тамак-ашынан, үй-бүлөлүк мамилелеринен, мамлекеттеги башкаруу формасынан кандайдыр бир жалпылыкты табууга болот. Бул кыргыздарды, алтайлыктарды, казактарды, теги сибирликтерди тууган кылып чыгат", — деген "Чоң-Алтай" илимий билим берүү борборунун жетекчиси, АлтМУнун президенти Сергей Землюков.
Мал чарбасы түрк элдеринин жалпы жашоосу, маданий-генетикалык фонду менен байланышкан.
Бул калкта үйүр-үйүр кылып мал кармаган мурдагы жашоо салттары сакталган тейде калган. Ал ошол кездеги негизги киреше булагы жана оокат кылуунун бирден-бир жолу болгон. Мындай маалыматтар XVIII кылымдын аягындагы XIX кылымдын башындагы этнографиялык жазууларда калтырылган.
Өлкөнүн түндүк тарабында — Ысык-Көл жана Нарын облустарында малды көбүрөөк кармашат. Тоолуу аймактарда, жайлоолордо мал жандыктарын кармоо ыңгайлуу келет, эт менен сүт даяр. Мындан сырткары, жүндөн эң жылуу жана табигый жактан таза кийиздер жасалат. Ал эми түрк элдеринин боз үйүнө да ушул кийиз колдонулат.
Жайлоого чыкканда боз үй жашай турган негизги турак жайдын милдетин аткарган, себеби ал көчүп-конуп жүрүүгө, кандай жер болбосун тигип алууга шартташкан. Азыркы учурда жөнөкөй эл боз үйдү жамандык-жашылыкта тигип калышкан.
Бүгүн Кыргызстандагы боз үйдү ийине келтире даярдаган Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Суу айылы. Бул аймак республикадан тышкары да белгилүү.
"Түрк элдеринде дүйнөдө ордун издеп, этникалык жактан өзүн-өзү таанууга умтулган, этникалык гүлдөө доору байкалат. Боз үй жасоо, килем токуу жана башка түпкү теги алектенип келген нерселерди кайра алып чыгып, заманбапташтырып, азыркы рынокко, туристтик багытка ылайыкташтыруу жүрүп жатат", — деп айтып берген "Чоң-Алтай" илимий билим берүү борборунун жетекчиси, АлтМУнун Тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору Иван Назаров.
Кыргызстанда боз үйдөн башка дагы бир бааланган өнөрдүн бири — килем токуу, шырдак жасоо бар. Баса, 2012-жылы ЮНЕСКО шырдакты адамзаттын материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизген.
Түрк элдеринин дагы бир маданий мурасы — ооздон-оозго айтылып келген дастандар, эпостор. Алар элдин көз карандысыздык үчүн күрөшүн, эрдигин, баатырларын баяндап берген. Кыргызстанда ошондой дастандардын ана башында "Манас" эпосу турат. Бул чыгарманы билбеген кыргыз баласы жок.
"Эмдиги жылы этнографиялык экспедиция боюнча монография жазууга ниеттенип жатабыз. Ноябрь айында анын жыйынтыгы менен Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы боюнча музейде сүрөт көргөзмө өтөт", — деди экспедициянын теңтөрайымы, тарых илимдеринин доктору, Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Аниса Бикбулатова.
АлтМУдагы алтаистика боюнча эл аралык экинчи форумда биринчи экспедициянын жыйынтыгын чыгарышты.
"Чоң-Алтайдын "түрк-моңгол дүйнөсү": биримдик жана ар түрдүүлүк" деп аталган эл аралык долбоор Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосунда ишке ашырылууда.