Кыргызстанда Түндүк – Түштүк жолунун бир бөлүгү жана эки ири көпүрө ачылды. Сүрөт

Объектилер Түндүк – Түштүк альтернативалык жолунун бир бөлүгү болуп саналат, ал эми курулуштун подрядчысы "Чайна Роад энд Бридж Корп." компаниясы.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 7
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты
2 / 7
Көрсөтүлгөн объектилер Түндүк - Түштүк альтернативалык жолунун бир бөлүгү болуп саналат, ал эми курулуштун подрядчысы "Чайна Роад энд Бридж Корп." компаниясы
3 / 7
Эстакада көпүрөлөрүнүн узундугу 1 076 жана 396 метрди түзөт
4 / 7
Көпүрөлөр жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен курулган жана Арал - Казарман автожолунда жайгашкан
5 / 7
Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев министрлер кабинетинин башчысына Түндүк - Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун алкагындагы долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат берген
6 / 7
Андан соң Акылбек Жапаровдун жана Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда "Түндүк - Түштүк" альтернативдүү жолунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында эки эстакадалык көпүрөнү жана 100 чакырым жолду пайдаланууга берүү аземи болуп өттү
7 / 7
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал – Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты
Көрсөтүлгөн объектилер Түндүк - Түштүк альтернативалык жолунун бир бөлүгү болуп саналат, ал эми курулуштун подрядчысы "Чайна Роад энд Бридж Корп." компаниясы.
"Эстакада көпүрөлөрүнүн узундугу 1 076 жана 396 метрди түзөт. Көпүрөлөр жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен курулган жана Арал - Казарман автожолунда жайгашкан", - деп айтылат маалыматта. 
Көз талдырат! Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Видео
Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев министрлер кабинетинин башчысына Түндүк - Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун алкагындагы долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат берген.
Андан соң Акылбек Жапаровдун жана Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда "Түндүк - Түштүк" альтернативдүү жолунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында эки эстакадалык көпүрөнү жана 100 чакырым жолду пайдаланууга берүү аземи болуп өттү.
Салтанаттын соңунда ак ниет эмгеги жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн төмөндөгүлөр сыйланышты: