Казакбаев Рим папасы менен жолукту: Ватикан кыргыз тарапка эмне сунуштады. Сүрөт

Папа Франциск кабыл алуу учурунда Кыргызстандын элине жана мамлекеттин жетекчилигине өзүнүн жылуу каалоолорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италияга жасаган биринчи расмий сапарынын алкагында Ватиканда болуп, Рим папасы Франциск менен жолукту. Бул туурасында тышкы саясат боюнча ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италияга жасаган биринчи расмий сапарынын алкагында Ватиканда болуп, Рим папасы Франциск менен жолукту
2 / 2
Жолугушуунун жүрүшүндө понтифик Кыргызстандын элине жана мамлекеттин жетекчилигине өзүнүн жылуу каалоолорун айткан
Жолугушуунун жүрүшүндө понтифик Кыргызстандын элине жана мамлекеттин жетекчилигине өзүнүн жылуу каалоолорун айткан. Казакбаев, андан сырткары, Ватикандын мамлекеттик катчысы Пьеро Паролини (өкмөт башчысы) менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулаган.
"Ватикандын мамлекеттик катчысы Паролини Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө, анын ичинде архивдик изилдөө чөйрөсүндө маалымат алмашууга даяр экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар ошондой эле тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо контекстинде эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашкан. Маалыматта диндер аралык толеранттуулук маселеси өзүнчө талкууланып, анын ичинде билим берүү тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулганын маалымдашты.
Италияда Кыргызстандын элчилиги расмий түрдө ачылып, иштей баштады, Сүрөт
2022-жылы Кыргызстан менен Ватикандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу министр Казакбаев билим берүү жана маданият тармагын камтый турган Кыргызстан менен Ватикандын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну түзүү маселесин карап чыгууну сунуштаган.
Ватикандын мамлекеттик катчысынын эки өлкөнүн келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү, ошондой эле 2022-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча Казакбаевдин сунуштарын кабыл алганы айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кыргыз-ватикан мамилелерин өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын билдирген.