Артыңыздан веб-камера менен аңдып жатканын кантип билсе болот. Кеңештер

Эксперт телефон же компьютердеги шек жараткан программаларды таптакыр эле өчүрүп, объективди жаап салууга кеңеш берди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Жашыруун чыгып кеткен маалыматтарды чалгындоо жана даркнетте мониторинг кылган DLBI сервисинин негиздөөчүсү Ашот Оганесян "Прайм" агенттигине веб-камералар адамды аңдыш үчүн колдонулуп жатканын кантип билсе болорун айтып берген. 
Адис төмөндөгү белгилерди эскерткен:
"Ошондуктан программаларды каяктан, эмнени орнотуп жатканын көзөмөлдөп туруу керек. Белгисиз сайттан, түшүнүксүз булактардын программасын, антивирустарын колдонуудан оолак болгондон өтөрү жок. Эгер тигил же бул программанын иштешине камеранын кереги жок болсо, аны башкарууга уруксат бербеш керек", — деди адис.
Ошондой эле ал акыркы версиядагы операциялык системаларды колдонууну сунуштайт. Адис эгер телефондун же компьютердин камерасы жана микрофону башка багытта колдонулуп жатат деп күмөн санасаңыз, шектүү программаларды өчүрүп, объективдин көзүн жаап салуу керектигин айтат.