Шейшембиге карата аба ырайы

9-ноябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өлкөнүн калган аймактарында күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Кыргызстандыктар жакында жабыла учкан топ жылдыздарды көрүшү мүмкүн
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөнүндө +5...+10, Ысык-Көл жергесинде +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9...+14, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +8...+10, Ош калаасында +11...+13 градуска жетет.