Бишкекте ири универсалдуу көргөзмө-жарманке өтөт. Эмне продукция коюлат

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы 2 000 чарчы метр аянтка жайылып, арзан баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жыл сайын өтүүчү "Бишкек Сары-Өзөн 2021" универсалдуу көргөзмө-жарманкесин ачууда. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара Бишкекте 10-ноябрдан 21-ноябрга чейин соода борборлорунун биринде уюштурулмакчы. Ар кандай тармактар боюнча ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы 2 000 чарчы метр аянтка жайылып, базардагыдан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.
Көргөзмөнүн ачылышына премьер-министр Акылбек Жапаров, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев, ошондой эле Россиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн жана Беларусь, Индия, Иран, Пакистан элчиликтеринин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Иш-чаранын программасы эки чоң бөлүктөн турат.
10-14-ноябрда адистешкен тармактар боюнча универсалдуу көргөзмө өтөт:
Бишкекте алп жаныбарлар менен заманбап техника көрсөтүлдү. Видео
Мындан тышкары, "Эң мыкты продукт", "Эң мыкты ишкана" жана "Эң мыкты инновациялык продукт" номинациялары боюнча сынактар өтүп, жеңүүчүлөргө алтын медаль жана дипломдор тапшырылат.
Бардык суроолор боюнча "Кыргыз экспо борборуна" 0(312) 61 01 20 же Соода-өнөр жай палатасынын PR-адисине (0555) 311 355 номери аркылуу кайрылуу сунушталат.