Басма сөз күнү: Кыргызстанда беш жылда ЖМКлардын саны 14%га өстү

Кыргызстанда басма сөз күнү жыл сайын 7-ноябрда, тагыраагы, алгачкы улуттук "Эркин-Тоо" гезитинин биринчи саны чыккан (1924-жылы) күнү майрамдалат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы беш жылдын ичинде ЖМКлардын саны 14 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүнкү Басма сөз күнүнө карата Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаты катары 1,8 миң ишкана каттоодо турган. Алардын ичинен 166сы көз карандысыз телерадиокомпаниялар. Калгандары гезит, журнал жана маалымат агенттиктери.
"Быйыл кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына 97 жыл толду. ЖМКнын, полиграфия өнөр жайынын, радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы кыргыз өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен бекитилген", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстанда Басма сөз күнү жыл сайын 7-ноябрда, тагыраагы, алгачкы улуттук "Эркин-Тоо" гезитинин биринчи саны чыккан (1924-жылы) күнү майрамдалат.
Учурда өлкөдө мамлекеттик ЖМКлардан тышкары бир нече жеке жана эл аралык теле, радио жана маалымат агенттиктери иш алып барат.