БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жаңы Салык кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала каттоо жана кошумча маалымат алуу телефондору: 63-88-17; 0-777-83-97-97.
Белгилей кетсек, Жаңы редакциядагы Салык кодексинин долбоорун парламент биринчи окууда жактырган. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул документте сунушталып жаткан маанилүү нормаларды тизмектеди.