Дарыгер холестериндин деңгээлин азайтуунун жөнөкөй жана арзан жолун айтты

Кадимки эле кунжуттун курамында темир, магний, цинк, жез, фосфор жана клетчатка бар. Ал эми кальций сүттүн курамына караганда кунжутта жети эсе көп.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кунжуттун уруктары канда жаман холестеринди азайтууга эң сонун жардам берет. Бирок аны өтө көп эмес, аз-аздан колдонуу керек. Бул тууралуу нутрициолог Анна Дробышеванын айтканына таянып "Известия" басылмасы жазды.
Адис кунжут витаминге жана пайдалуу заттарга бай экенин белгилеп, ден соолукту бекемдөөгө жакшы жардам берерин кошумчалаган.
"Кунжутту май алмашууну жөнгө салуу жана канда холестеринди азайтуу үчүн колдонсо болот. Анын курамында темир, магний, цинк, жез, фосфор жана клетчатка бар. Ал эми кальций сүттүн курамына караганда кунжутта жети эсе көп", — деди медик.
Адис кунжутту ашыкча колдонууга болбой турганын айтып, күн сайын жебеш керектигин эскерткен. Себеби ал кандын уюп кетүүсүн жогорулатышы ыктымал. Адис кунжутту жумасына бир нече жолу тамак-ашка кошуп жесе болорун сунуштаган.