People версиясы боюнча 2021-жылдын эң сексуалдуу мырзасы аныкталды

Бул актёр наамды былтыр эле алышы керек болчу. Бирок анын орунсуз сүрөттөрүнө байланыштуу чырдан улам уюштуруучулар токтото турушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Беделдүү People журналы 2021-жылдын эң сексуалдуу мырзасын аныктап, наам бул ирет Marvel тасмасынын жылдызы Крис Эванска буюрду. Бул тууралуу Page Siх порталы жазды.
Marvel тасмасынын жылдызы Крис Эванс
Рейтингдин авторлорунун айтымында, капитандын ролун аткарган актёр бул наамды бир жыл мурун эле алышы керек болчу. Бирок анын орунсуз сүрөттөрүнө байланыштуу чырдан улам токтото турушкан.
Өткөн жылы күзүндө Крис Эванстын интимдик сүрөттөрү интернетке тарап кеткен, андан кийин Instagram баракчасы талкаланып, ошол жакка жүктөлгөн. Азыркыга чейин муну ким кылганы белгисиз.
2020-жылы эң сексуалдуу мырза актёр Майкл Бакари Жордан болгон.