Жер бетинен жоголуп кетиши ыктымал деген өлкөлөр аталды

Окумуштуулар Жер бетиндеги абанын жогорулашын 1,5-2 градуска чейин чектөө керектигин бир нече жолу айтышкан. Алар муну менен глобалдуу ысыктын кесепетин жумшартса болорун белгилешүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Глобалдуу ысык аралда жашаган бир нече өлкөнүн жоголуп кетүүсүн шартташы ыктымал. Себеби аба ырайынын өзгөрүшү мөңгүлөрдү эритип, деңиз деңгээлин көтөрөт. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып кабарлады. 
Билдирмеге караганда, климаттын өзгөрүүсүнөн Кирибати, Тувалу жана Маршалл аралдары жабыркашы мүмкүн.
Мөңгүлөрдү талкалагандарга каршы туруш керек. Жапаровдун видео кайрылуусу
Climate Action Network экологиялык бейөкмөт уюмдарынын Кирибатидеги координатору Пелениза Алофа БУУнун Глазгодогу саммитинде деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана тропикалык бороон-чапкын аталган аймакта адамдардын өмүрүнө жана айыл чарбасына коркунуч жаратып жатканын айткан.
Окумуштуулар Жер бетиндеги абанын жогорулашын 1,5-2 градуска чейин чектөө керектигин бир нече жолу айтышкан. Алар муну менен глобалдуу ысыктын кесепетин жумшартса болорун белгилешүүдө.
Бул максатка жетип, конкреттүү план түзүү үчүн 2015-жылы 190 мамлекет Париж келишимине кол койгон. Документте көмүр, нефть, жаратылыш газы сыяктуу нерселерден баш тартуу каралган эмес, бирок өлкөлөр энергияны экологияга зыянын тийгизбегендей кылып алуу боюнча чараларды көрүшү керектиги жазылган.