COVID-19га каршы эмделген кыргызстандыктар Венгрияга тоскоолдуксуз кире алат

Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, "Европа биримдиги — Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында Венгриянын ТИМ башчысын кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Венгер тарап Кыргызстандын эмдөө жөнүндө паспортун тааный турган болду. Бул тууралуу Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдирди.
Кыргызстандан Венгрияга түз аба каттамы ачылат
Петер Сийярто венгер тарап эки өлкө ортосундагы стратегиялык мамилелерди маңыздуу кылып, аны жаңы деңгээлге чыгаруу ниетинде экенин билдирди.
"Сүйлөшүү учурунда Сийярто венгер тарап Кыргызстандын эмдөө боюнча паспортторун таанууну чечкенин айтты. Муну менен эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Венгрияга тоскоолдуксуз кире алышат", — деп жазылат маалыматта.
ТИМ башчысы билим берүү чөйрөсүн сөз кылып жатып, эки тараптуу кызматташтыкты ЖОЖдор менен эле эмес, баштапкы жана орто билим берүүдө дагы өстүрүү зарылдыгын белгилеген.