"Түндүк электр" кээ бир абоненттер үчүн чектөө киргизип жатат

Компаниянын маалыматына караганда, мындай чара энергетикалык ресурстарды үнөмдөө менен күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгып кетүү үчүн көрүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" абоненттер үчүн мораторий (убактылуу чектөө) киргизип жатат.
Үнөмдөбөскө айла жок, энергия чексиз эмес. Энергетикадагы чыныгы абал кандай
Мындай аракеттер "Улуттук энергохолдинг" ААКнын атайын буйругунун негизинде энергетикалык ресурстарды үнөмдөө менен күзгү-кышкы мезгилден ийгиликтүү чыгып кетүү үчүн көрүлүүдө.
"Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.