Кыргызстандык футболчу кыздар клубдар арасындагы Азия чемпионатында ойношот

Кыргызстандык Айжан Боронбекова менен Бактыгүл Токтоболотова 2021-жылдагы сезондун экинчи жарымынан тарта өзбекстандык "Бунёдкор" клубунун намысын коргоп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын кыз-келиндер улуттук командасынын футболчулары Айжан Боронбекова менен Бактыгүл Токтоболотова өзбекстандык "Бунёдкордун" курамында Азиянын клубдар арасындагы чемпионатында ойнойт. Бул маалыматты өлкөнүн футболдук союзунан билдирди.
"Бунёдкор" мелдештин тайпалык баскычында Индия, Иран жана Иордания өлкөлөрүнүн чемпиондору менен таймашат. Оюндар 7-ноябрда башталат.
Чет өлкөлүк клубдарда ойногон Айчүрөк: сиңдимди ээрчип футболчу болуп калдым
"Батыш" зонасынын тайпалык этаптагы беттештери Иордания өлкөсүндө өтөт. Өзбекстандык команда 1-турда (7-ноябрь) Ирандын "Шахрдари Сиржан", 2-турда (10-ноябрь) Иорданиянын "Амман" жана 3-турда (13-ноябрь) Индиянын "Гокулам Керала" клубдары менен ат салышат.
Кыргызстандык спортчу кыздар 2021-жылдагы сезондун экинчи жарымынан тарта аталган клубдун намысын коргоп келет.