Кыргызстанда калкты каттоо качан жүргүзүлөрү белгилүү болду

Каттоо иштери 2020-жылы эле белгиленип, бирок COVID-19 тарап жаткандыктан бир нече жолу жылган. Эми аны кийинки жылы өткөрүү пландалды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо 2022-жылы жазында жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда жазылган.
Эл каттоо кийинки жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин болот. Ал эми алыскы аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин өткөрүлөт.
Кыргызстандыктар убактысынын көбүн эмнеге жумшайт? Статистика
Белгилей кетсек, өлкөдө калкты жана турак жай фондун каттоо 2020-жылы эле белгиленип, бирок COVID-19 тарап жаткандыктан бир нече жолу жылган.
Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Аны Кыргызстанда биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өткөрүү пландалган.
Каттоодо кандай маалыматтар чогултулат?