"Кыргыз почтанын" активдерин инвесторлорго берүү каралууда. Долбоор

Долбоорго ылайык, мамлекеттик ишкананын ишмердүүлүгү жана калкты тейлөө сапаты кадыресе жакшырышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасын модернизациялап, анын иштөөсүн жакшыртуу үчүн инвестор издеп жатышат. Бул туурасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан кабарлашты.
Аталган ишканага инвестиция тартып, андан улам ар тараптуу кылып өнүктүрүү үчүн долбоор иштелип баштады.
Акча окуучу менен бейтаптын артынан ээрчийт. Бийликтин 5 жылдык программасы
Аталган документтин негизинде анын ишин модернизациялоо үчүн "Кыргыз почтасынын" активдерин жеке башкарууга өткөрүп, майнаптуу башкаруу, элди почта тармагында сапаттуу тейлөө максаты коюлган. Мындан сырткары, кошумча иш орундарын түзүү да каралган.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору эгерде кызыккан тараптар болсо, кат жазып же байланышуу үчүн төмөнкү даректи калтырды: Бишкек ш., Чүй, проспекти, 106. Телефондор: (0312) 66-47-81, (0556) 80-08-00. Электрондук почта: pppgovkg@gmail.com.