Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Дареги, телефондору

Көчөдө калган адамдарды баш калкалоочу жайларга укук коргоо органдарынын кызматкерлерлери же Тез жардам кызматынын өкүлдөрү алып келиши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Ордо калаада суук түшкөнүнө байланыштуу убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып, иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 1-ноябрдан тарта Свердлов жана Октябрь райондорунда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылган. Ал жерден үйү жоктор тамак ичип, жылынып, түнөп кетери айтылды.
"Көчөдө калган адамдарды бул жайларга укук коргоо органдарынын кызматкерлери же Тез жардам кызматынын өкүлдөрү алып келиши керек. Эгер сиздер үй-жайы жокторду көрүп калсаңар, 102 (милиция) же 103 (Тез жардам) кызматтарына чалып коюңуздар", — деп жазылат маалыматта.
Кайрылган адамдарга ысык тамак берилип, коопсуздук үчүн милиция кызматкерлери нөөмөттө турары айтылды.