Жогорку Кеңешке аттанган спортчулар. Олимпиада чемпиону, спорт чебери да бар

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке депутат болом деген талапкерлерди каттап, партиялардын тизмесин жарыялады. Шайлоого аттанган ар кыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катарында спортчуларды көрүүгө болот.
Sputnik
Депутат болууга белсенген спортчулардын ичинде олимпиада чемпионунан тарта ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиону, СССРдин спорт чеберлери бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги шайлоодо ат салышып жаткан мурдагы жана азыркы спортчуларды тизмектеди. Алардын арасында партия тизмеси менен да, бир мандаттуу округдан да бара жаткандар бар.
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич
Оор атлетчи. Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев 68 жашта. Оор атлетчи. Москва Олимпиадасынын чемпиону. Төрт жолку дүйнө, эки жолку Европа биринчилигин уткан. Учурда “Ынтымак” адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык резевдер мектебинин директору.
Осмоналиев бир мандаттуу № 14 Чүй-Кемин шайлоо окгругунан талапкер.
Турганбаев Мелис Токтомамбетович
Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери. 2019-жылы Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн ардагер спортчулардын арасында өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. Турганбаев Бишкек шаарындагы бир мандаттуу № 5 Октябрь шайлоо округунан ат салышууда.
Масабиров Таалайбек Айтмаматович
Таалайбек Масабиров 55 жашта. Жогорку Кеңештин депутаты. Дзюдо, самбо спорту боюнча спорт чебери. Дзюдо боюнча ардагерлер арасында эки жолку (2010-жана 2012-жылы) дүйнө чемпиону болгон. Масабиров “Ата-Журт Кыргызстан” партиясында 11-сапта катталган.
Атазов Шайлообек Карыбекович
Шайлообек Атазов кикбоксинг жана бокс боюнча спорт чебери
Шайлообек Атазов 42 жашта. Жогорку Кеңештин депутаты. Кикбоксинг жана бокс боюнча спорт чебери. 2006-жылы кикбоксинг (WFK) түрү боюнча дүйнө чемпиону болгон.
Ош шаарындагы бир мандаттуу № 5 Төлөйкөн шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болууда.
Маматов Канатбек Мурзаевич
Канатбек Маматов футбол боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону
Канатбек Маматов 47 жашта. Кыргызстандын футболдук союзунун экс-президенти. Футбол боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. 2000-2001-жылдары Индиянын Hindustan Aeronautics Limited (HAL) жана 2001-2002 Indian Telecom Industry (ITI) клубдарында ойноп келген.
Маматов “Ата-Журт Кыргызстан” партиясында 42-сапта катталган.
Усупов Тилек Сабырович
Тилек Усупов 50 жашта. Эркин, грек-рим жана сумо күрөштөрүнүн спорт чебери. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгон. Учурда "Рубикон" рекламалык фирмасынын коопсуздук кызматынын башчысы.
Усупов Бишкек шаарындагы бир мандаттуу № 5 Октябрь шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган.

Сыдыков Руслан Жумабаевич

“Дордой” футбол мектебинин директору Руслан Сыдыков
Руслан Сыдыков 46 жашта. Футбол спортунун чебери. Көп жыл Кыргызстандын улуттук командасынын жана Бишкектин “Дордой” футболдук клубунун капитаны болгон. Учурда “Дордой” футбол мектебинин директору болуп иштейт.
Сыдыков “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясынын” курамында 9-сапта талапкер болуп катталган.
Сыргабаев Замирбек Самаматович
Замирбек Сыргабаев 46 жашта. Бокс боюнча спорт чебери. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Аралаш мушташ (ММА) өнөрүнө өтүп, бир катар промоушендерде беттештерди өткөргөн.
Учурда Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин директору. Ал бир мандаттуу № 18 Кадамжай шайлоо округунан талапкер болууда.
Жумабеков Дастанбек Артисбекович
Дастанбек Жумабеков чыгыш күрөш өнөрлөрү боюнча спорт чебери
Дастанбек Жумабеков 45 жашта. ЖК депутаты. Чыгыш күрөш өнөрлөрү боюнча спорт чебери. Ал 2017-жылы АКШда ардагерлер арасында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында коло байге уткан.
Жумабеков бир мандаттуу № 6 Манас шайлоо округунан талапкер болуп катталган.
Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич
Нурлан Ражабалиев 46 жашта. Футбол боюнча спорт чебери. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, мыкты бомбардир. КМШнын “Содружество кубогу” мелдешине катышкан. 2000-2001-жылдары Индиянын Hindustan Aeronautics Limited (HAL) жана 2001-2002 Indian Telecom Industry (ITI) клубдарында ойноп келген.
Ражабалиев бир мандаттуу № 10 Баткен шайлоо округунан ат салышууда.
Икрамов Тазабек Икрамович
Тазабек Икрамов грек-рим күрөшүнүн чебери
Тазабек Икрамов 47 жашта. ЖК депутаты. Грек-рим күрөшүнүн чебери. 2019-жылы Грузиянын Тбилиси шаарында ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын коло медалын уткан.
Икрамов бир мандаттуу № 12 Сузак шайлоо округунан депутаттыкка аттанды.
Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович
Дүйшөн Төрөкулов 40 жашта. ЖК депутаты. Аралаш мушташ спортунун чебери.
Төрөкулов “Альянс” саясий партиясы менен Жогорку Кеңешке аттанган. Тизмеде 18-катарда турат.
Букуев Медетбек Омошевич
Медетбек Букуев экс-футболчу
Медетбек Букуев 65 жашта. Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси. Экс-футболчу. Кыргызстандагы Футзал ассоциациясынын түзүүчүсү болуп саналат.
Букуев “Альянс” саясий партиясы менен шайлоого катышканы жатат. Партиялык тизмеде 54-сапта.
Эсеналиев Куваныч Аманбаевич
Аралаш мушташ (ММА) спортунун чебери Куваныч Эсеналиев
Куваныч Эсеналиев 43 жашта. Эч жерде иштебейт. Аралаш мушташ (ММА) спортунун чебери. 2011-жылы Россияда өткөн ММА мелдешинде дүйнө чемпиону болгон.
Эсеналиев “Ордо” саясий партиясынын тизмесинде 5-катарда бара жатат.
Кочкаров Бахадыр Закирович
Бахадыр Кочкаров эл аралык футбол федерациясынын экс-калысы
Бахадыр Кочкаров 51 жашта. Эл аралык футбол федерациясынын экс-калысы. 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын оюндарын тейлеген. “Футбол калыстары жана инспекторлору коллегиясында” кызматкер.
Кочкаров “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясынын” курамында 5-сапта талапкер болуп катталган.
Закиров Нематжан Талипжанович
Нематжан Закиров футбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери
Нематжан Закиров 59 жашта. Футбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери. 2008-жылы Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. Мындан сырткары, бир катар клубдарды жетектеген.
Закиров “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясынын” курамында 21-сапта талапкер болуп катталган.
Жетыбаев Нуртазин Алымкулович
Нуртазин Жетыбаев футзал спортунун чебери
Нуртазин Жетыбаев 55 жашта. Футзал спортунун чебери. 2000-жылдары футзал боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген.
Жетыбаев “Альянс” саясий партиясы менен Жогорку Кеңешке аттанган. Партиялык тизмеде ал 41-катарда турат.
Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович
Нуржигит Кадырбеков каратэ боюнча кара курдун ээси (спорт чебери)
Нуржигит Кадырбеков 44 жашта. Каратэ-до эл аралык "Сётокан" улуттук федерациясынын президенти. Каратэ боюнча кара курдун ээси (спорт чебери).
Кадырбеков “Ыйман нуру” саясий партиясында 1-сапта турат.